Коомдук-саясый гезит


◄◄◄
№ 41, 7-ноябрь, 2003-жыл, жума
km-press@netmail.kg

Майрамыңыздар менен, калемдештер!

l Тамашасы жок эле...
"Кыргыздын эң чоң журналиси Илелин!"
7-ноябрь Өктөбүр төңкөрүшүнүн баланча жылдык майрамы. Көптөр үчүн азыр деле ошондой. Кыргызстанда болсо эми 7-ноябрь басма сөз күнү. Эки башкадай көрүнгөнү менен түпкү маңызы бир бул майрамдардын. Анткени ушул улуу күндө кыргыздын эң алгачкы гезити жарык көргөн. Көрдүңөрбү? Деле дүйнөдө эч бир нерсе жөн эле, өзүнөн-өзү болбойт. 5-майдагы басма сөз күнүн 7-ноябрга жөн эле которуп туруп акең кыргыз өзүнүн ушул улуу күнгө, ошону менен демек, ушул күндү жараткан кишиге, Илелинге болгон урмат-ызаатын дагы бир жолу моюндап, баш ийип тургансыйт. Мен ушинтип түшүнөм. А Илелин болсо кыргыздар үчүн кара чечекей атадан да артык киши десек аша чаппастырбыз. Өткөндө дымактары көк чапчыган амалдар, мансаптуу пенделердин чөйрөсүндө басма сөз жөнүндө кеп козголуп, ар ким өзүнүн түшүнүк парасатынын жетишинче бапылдап-дүпүлдөп, "сары ооз" гезитчелерден тартып улгайган, аттуу-баштуу басылмаларга чейин "жиликтеп", бир сыйра электен өткөрүп, андан ары дагы эмне дээрин билбей дыма түшкөн чакта жанатан бери дың дебей угуп отурган бир кадырлуу адам айтып калды: "Билесиңерби эй, кыргыздын эң чоң журналиси ким? Илелин!"
Башка чапкандай тарс айтылган мындай өктөм бүтүмгө отургандар ичинен жооп айтып козголгон эч ким болгон жок.
Чынында ар кайсыл кокту-колот баатырларынын мартабасы асмандап учкан бүгүнкү замандын жолоюна жакпай, алардын (баатырлардын) көлөкөсүнө сүрүлгөн, атургай баш калаанын баш аянтынан "куулган" улуу көсөм Илелинди кыргыздын эң чоң журналисти деп атоодо өзүнчө терең, үлкөн маани жатат. Эми бу жагын акылы жеткендер аңдап алаар, анткенге алсыздары "мунун шариги ордундабы дегилеп" ашата сөгүп жиберээр...
Башкасын кой, жарыктык кишинин "Басма сөз кыйраткыч эмес түзүүчү болууга тийиш" деген пайгамбар осуяты гезит бетин ыразборке кылчу жерге айлантып, бири-бирине аянбай жугунду куюшкан, чачышкан, соттон-сотко тоңкочук атып, эзелки энең байталдан башы чыкпай келаткан биздин бүгүнкү жазмакер-журналисттер үчүн өтө баалуу кеңеш дегенге ким каршы чыгат?!
Пайгамбар демекчи, симбирскилик Илья абышканын ушул уулу, ХХ кылымды оодар-теңтер сапырып, карайлаган каратамандар үчүн башын сайган, ошонусу менен адамзат тарыхында, акыл-эсинде өчпөс орду бар Владимир Ульянов - Илелиндин ысмы сыяктуу улуу таберик пайгамбарлардын катарында аталууга акылуу десек аша кетпестирбиз.
Эмесе, 7-ноябрь кесиптик майрамыңар менен, калемдештер!

Бахтияр ШАМАТОВ




- Сизге кайсы журналист жагат?
Мар БАЙЖИЕВ, жазуучу:
- Мен азыркы учурда "Моя столица" гезитинин кабарчысы Замир Өсөров деген жигитти жактырам. Өзгөчө Курманжан датка менен Таттыбүбүнүн эстеликтери жөнүндө мыкты макала жазылыптыр.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты:
- Өз алдынча ой жүгүртүп, анализдеп, коомдогу болуп жаткан кубулуштардын маңызын чыгарып, объективдүү маалыматтарды окурмандарга жеткирип жаткан журналисттердин баарысын, өзгөчө "Агым" гезитинин журналисттерин жактырам.

Асел ТУРДАЛИЕВА, ырчы:
- Мага "Замандаш" журналындагы Рыскүл Жээналиева жана "Кыргыз караван" гезитиндеги Айзада деген жаш журналист кыздардын эл менен болгон мамилеси, гезит бетине жазып жаткан материалдары жагат.

Жеңишгүл ӨЗҮБЕКОВА, драматург:
- Эң мыкты журналист катары Кабай Карабековду сыйлайм. Журналисттер бүгүнкү күндүн эл алдындагы жолдо жүргөн карлыгачтары. Албетте, алардын ден соолугу чың болуп, жигердүү жана эргүү менен иштешин каалайм.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, социолог-журналист:
- Мага Бүбүкан Досалиева, Айгүл Бакеева, Бермет Маткеримова, Сүйүн Курманова сыяктуу кыздардын жазгандары жагат. Журналистикадагы кыздар стилин жаратышкан.

Айсалкын ИБРАИМОВА, ишкер:
- Журналисттерден Бүбүкан Досалиеваны жана мурда журналисттик кесипте эмгектенип жүргөн депутат Адахан Мадумаровдун жазаган эмгектерин баалайм. Кийинки жаш журналисттерди анча деле тааныбайт экенмин.

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ, архитектор:
- "Агым" гезитинен Мамат Сабыров, Алым Токтомушев, силердин "Бишкек таймс" гезитиңерден Эмилбек Момунов, Айгүл Бакееваларды жактырам. Гезит бетине жазган макалалары кыска жана нуска. Абдувахаб Мониевдин жазгандары да жагат.

Назира БЕГИМКУЛОВА, ишкер:
- "Азаттыктан" Улан Алымкул уулунун "Агымдан" Ж.Мусабекова өңдүү журналисттерин үзбөй угуп, окуп, жазган эмгектерин сыйлайм.

Токтобек БОРОНЧИЕВ, №6-бейтап-кананын башкы дарыгери:
- Мурдагы кезде журналисттик кесипте эмгектенген акын Акбар Рыскулов, азыркы кездеги журналисттерден куйкум сөздөрдү куюлуштуруп жазган Ш.Дүйшеев, экономиканы терең баяндаган К.Оторбаев өзгөчө жагат.

Түгөлбай МЕДЕРОВ, студент:
- Мага "Моя столицанын", "Блиц-инфонун" жазгандары жагат. Cалижан Жигитов жакшы жазат. Замира Кожобаеваны баалайм. Силердин анекдотторуңар, гайд-парк, анан сулууларыңар жагат. Кимдер даярдаганы жазылбайт го.
Даярдаган
Бурул МУСАБЕКОВА






'Бишкек таймс' гезитинин
сулуулары - басагалгыла!



Ноябрь айындагы
'Бишкек таймстын' перилери

Азыркы периси:
Таттыбvбv ЖАПАРКУЛОВА,
КУУнун студенткасы, 18 жашта.




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе


Hosted by uCoz