Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
№14, 13.03.07-ж.
 



Башка гезиттер...




 "Себат" эларалык билим берүү
мекемелерине 15 жыл

Билимдин жана тарбиянын куттуу очогунда
Түрк тили достуктун жана сүйүүнүн көпүрөсү
"Себат" эларалык билим берүү мекемелери Ататүрк-Алатоо университети, Анадолу лицейлери менен биргеликте түрк тилин өздөштүргөн окуучулардын арасында республикалык конкурс өткөрдү. Конкурстун негизги максаты - байыркы тилдердин бири болгон түрк тили аркылуу балдар арасында достуктун жана сүйүүнүн көпүрөсүнө жетишүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.
Тил конкурсуна "Себаттын" лицейлеринин окуучулары катышып, ал үч этапта: түрк тилинин грамматикасы боюнча (жазуу түрүндө); түрк тилиндеги ырларды көркөм окуу; жазуучу, акындардын поэмаларын жатка айтуу деп аталып, ушул багытта аймактардан биринчи орунду алган окуучулар Бишкекте, Алатоо университетинде ат салышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобунун терең иликтөөлөрүнөн кийин 11 окуучу алдыга чыгып, "Себаттын" ардак грамотасына татыктуу болушту. Жеңгендердин ичинен өзгөчөлүк көрсөтүп, биринчи орунду камсыз кылган алты окуучу быйыл жай айында Түркияда 80ден ашык улуттун балдары катышкан түрк тили боюнча дүйнөлүк олимпиадага барууга укук алышты. Алар: "Айчүрөк" лицейинен Даря Старадубцева, Караколдогу балдар лицейинен Игорь Шарцов, Таластагы кыздар лицейинен Толгонай Калмурат кызы, Гүлиза Эшалиева, Жалалабаттагы кыздар лицейинен Чолпон Камчыбек кызы, Оштогу уландар лицейинен Баяман Жаныш уулу. Аталган олимпиаданы түрк тилиндеги китептерди чыгаруучу "Дилсет" басмаканасы түрк коомчулугунун алкагында быйыл бешинчи ирет өткөргөнү турат. Былтыр дүйнөлүк түрк тили олимпиадасына катышкандардын баарына 1000 АКШ доллары берилип, бир жума Түркияда эс алып кайтышкан. Быйыл бул олимпиаданын өтүшүнө түрк парламенти да кызыкдар болуп, өз колдоосун, салымын кошоорун убада кылган, - дейт "Себаттын" физика мугалими Режеб Кочмас.
Иш-чарада "Себаттын" президенти Орхан Инанды чыгып сүйлөп, түрк тили кыргыз тили менен бирге байланыштын, улуу достуктун, сүйүүнүн көпүрөсү боло беришин тиледи. Ошондой эле ал билим берүүдө, тил багытында өзгөчө аракеттери бар инсандарга "Вефа" ("Унутулбайт") аттуу эстелик белектерин тапшырды. Кылым кыйырында Ататүрк түрк тилин чет тилдердин аралашмасында калтырбай, таза сактап сүйгүлө деген мааниде айткан осуятын туу тутуп келе жаткандарына таң бербей кое албайсың. Комузда кол ойното чертип, ыр-бийдин майын чыгара аткара алган түркүн улуттун уул-кыздарын көрүп олтуруп чын эле булар үчүн түрк тили достуктун, билимдин жана сүйүүнүн көпүрөсү болуп кызмат өтөөрүндө күмөн жок экенине ынанасың.

l "Жылдын мыкты мугалими - 2007"
Баарлашуу байлыгы - тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзө алды
"Себат" эларалык билим берүү мекемелери билим берүү тармагындагы ишмердигинин 15 жылдыгына карата "Себаттын мыкты мугалими" конкурсун быйыл биринчи ирет өткөрдү. Конкурска аталган мекеменин 2 жылдан 20 жылга чейинки (22 жаштан 45 жашка чейин) эмгек стажы барлар катыша алышты. Аймактардан биринчи орунду ээлегендер Бишкекте, "Айчүрөк" кыздар лицейинде эки күн атайын сынактан өтүшүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Конкурста мугалимдер төрт этапта: чыгармачылык резюме; өзүн-өзү тааныштыруу, сабактын фрагментин көрсөтүү (сабактын темасы эларалык "Себат" билим берүү мекемесинен сунуш кылынган); предметтик жана педагогикалык тест сынагынан өттү. Ушул төрт сынактан ийгиликтүү өткөн мугалимдер педагогикалык кырдаалдар жазылган билеттерге жооп беришти. Билеттерге кургак жооп узатпай ар бирине чыгармачылык менен мамиле кылып, өз сунуштарын жазып, айтып чыгышты.
- Мугалимдер конкурсту колдошту. Конкурс бул өз алдынча изденип тапкан тажрыйбасын эл алдына алып чыгуу, сынга түшүү, өзүн-өзү таанытуу. Биз мугалимди мугалим катары эле билет экенбиз. Ар бир мугалимдин артында адамдык, чыгармачылык сапаты, хоббиси бар экен. Өзүн-өзү таанытууда эң жогорку бааны педагогикалык кредосун аныктап, сабак берүүсүндө изденүүлөрүн колдоно алган мугалимдерди бааладык. Тажрыйбаңды башка бирөө менен бөлүшпөсөң өз тажрыйбаң жөндөн-жөн эле байып кетпейт экен. Биз мугалимдерге бири-бири менен баарлашуу байлыгын алууга мүмкүнчүлүк түзө алдык, - дейт "Себаттын" вице-президенти Р.Асакеева. Конкурстун жобосу республикалык "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун алкагында иштелип чыккан. Жобого ылайык кыргыз, англис, түрк тилиндеги сабактын мугалимдери делип эки топко бөлүнүп, мелдеш өткөрүлдү.
Конкурстун жыйынтыгында Жалабаттагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин мугалими Темирова Чынара жана Оштогу "Сема" лицейинен Зафер Динчер жеңип, "Ноутбук" компьютерлери, 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Экинчи орунга Караколдогу Х.Карасаев атындагы лицейдин мугалими Искакова Лира менен Оштогу "Себат" лицейинен Сулейман Аккая ээ болуп, 2-даражадагы диплом, түстүү телевизор алышты. Ч.Айтматов атындагы лицейдин мугалими Турумбаева Назира жана Оштогу "Сема" лицейинен Иманалиев Ислам 3-даражадагы диплом, чаң соргуч менен сыйланышты. Ал эми конкурска катышып, өз тажрыйбасын татыктуу көрсөтө алган бардык жеңүүчү конкурсанттар "Себаттын" Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарга арзышты. Мындан тышкары аталган окуу жайдын Президенти Орхон Инандынын чечими менен алардын кесиптик квалификациялык даражалары да жогоруламай болду.
Мугалимге шык берип, үмүт арттырып, колдоо көрсөткөн бул конкурс билим майрамына айланып, "Айчүрөктүн" чүрөктөй кыздары кубулжута обон созуп чакан концерт тартуулашты.




"Себат" эларалык билим берүү мекемелеринин вице-президенти Раина Асакеева:
Окуучулардын билим сапаты мугалимдерге байланыштуу
- Раина Акматалиевна, республикалык окуучулардын олимпиадасында "Себат" кандай ийгилик менен келди. Жаңы көрсөткүчтөргө аталган мекеме канааттанды десек болобу?
- Биздин "Себат" лицейинин негизги максаттарынын бири - бул таланттуу балдар менен иш алып баруу болуп эсептелет. Ал окуучулар менен өз алдынча илимий-изилдөөчүлүк ишти жүргүзүү шарт. Мында 8-класстан баштап жөндөм, кызыгуусуна карата тандап алган предмети боюнча тереңдетип, багыттап окутуу, даярдоо башталат. Мунун өзү бала үчүн жакшы натыйжаларды берүүдө.
Эми быйылкы жылды айтсак, жалпы 14 лицейибизден 108 бала катышты. Мында мурунку жылдарда биринчи орунду алган балдар да бар. Катышкандардын ичинен 40 окуучубуз жеңип чыкты. Анын ичинен 18 биринчи орун, 12 экинчи орун, 10 үчүнчү орунду ээлешти. Эң алдыңкы орундарга "Себат" үчүн салт болуп калгандай, так илимдер боюнча татыктуу болушту. Гуманитардык илимдерден да алдыңкы орундарга жетишти. Кыргыз тили, орус тилинен да көрсөткүчтөр жыл сайын өсүп келе жетет. Балдарыбыздын аракеттерине, жеткен ийгиликтерине кубанып турган чагыбыз.
- Билим жарышындагы көрсөткүчтөр жакшы экен. Мындан аркы аракеттериңиздер кандай болот?
- Республикалык олимпиаданы уюштуруу комиссиясынын чечими менен КТУнун, КУУнун базасында так илимдер боюнча жазгы мектеп уюшулган. Буга жюрилер эң жөндөмдүү делген балдарды топтоду. Ошол мектепке "Себаттын" 30 баласы катышууда. Бул дагы жакшы жыйынтык. Демек, компетенттүү жюрилер ушул 30 окуучунун ичинен эларалык олимпиадага тандап алат деген үмүттөбүз. Мында талап абдан күчтүү коюлат. Быйыл атап айтсак, химия боюнча 8 окуучу биринчи орунду ээледи. Ушул сегизинин ичинен төрт балабыз Белорусияда өтө турган Д.Менделеев атындагы олимпиадага барышы толук мүмкүн.
- Билим жарышында кайсы аймактар өзгөчөлөнө алды?
- Ош, Жалалабат, Ысыккөл, Нарындын окуучулары алдыңкы оорундарды ээлеп келет. Быйыл өзгөчө Жалалабаттагы уландар лицейи активдүү болушту. Таластагы лицейибиз азырынча жаңы ачылгандыктан активдеше элек. Негизинен бирдей деңгээлде десем жаңылышпайм.
- Айрымдар "Себатта" жалаң тандалма балдар болгондуктан биринчи орундарды алат деп айтып жүрүшөт.
- Бул бир жактуу пикир. Бизде деле жылдан-жылга тандалып алынган балдар аз болуп атат. Ошол эле учурда бизден окуйбуз деген каалоочулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Анын ичинен бир жылы аябай жакшы балдар келсе, бир жылы даярдыгы төмөнүрөөк балдар келип калууда. Баары эле бир кылка болбойт экен. Ошондуктан бүт иштин баары мугалимдерге байланыштуу. Эгерде мугалим ар бир бала менен иштеп, сенин жөндөмүң, талантың бар, ошон үчүн биригип иш жасайлы деген кырдаалды түзсө, сөзсүз түрдө баланын кызыгуусу пайда болот. Баланы даярдабай туруп эле, жүр олимпиадага деп ээрчитип келе бергенде болбойт. Бул системалуу түрдө жүрүшү абзел. Балага ишеним көрсөтүп, дем, күч берип, колунан жетелеп жүрсөң сөзсүз түрдө ийгиликке жетесиң. Ишеним көрсөтсөң окуучуда да бийик жоопкерчилик пайда болот.
Бизде окутуунун технологиясы эң жакшы жолго коюлган. Бала интернетке кирип, изилдөө, лабораторияларда өз алдынча иштеп да көнүш керек. Предметтик кафедраларыбыз да ушул балдар менен системалуу, үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мына, ушундай аракеттердин аркасында гана республикалык, эларалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алуудабыз.

Кыргызстанды сүйүш үчүн эне тилин да сүйүш керек, эне тил элдин кенчи, байлыгы, туткасы деп намысыбызга келтире кыргызча так сүйлөп, кыргыздын түшүн жооруган, ак калпак элдин таламдаш досу, "Себат" эларалык билим берүү мекемелеринин Президенти Орхан Инандыга КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен "Кыргыз тили" төш белгиси ыйгарылды. Адилет баа. Кыргыз тилинин күйөрманы болгону үчүн Орхан бейге биз да ыраазыбыз.
Сүрөттө: Аталган комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов "Себаттын" президенти Орхан Инандыга ардактуу төш белгини тагууда.

Чынара Темирова, Жалалабаттагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары, "Жылдын мыкты мугалиминин" жеңүүчүсү:
- Бул конкурска жети дубандан эң мыкты делген, күчтүү мугалимдер келиптир. Конкурс деген конкурс. Мыктынын мыктысы адилет тандалды деп ойлойм. Эң негизгиси бири-бирибиз менен пикир алыштык, тажрыйба алмаштык, баарлаштык. Мунун өзү бизди байытып, канат байлатты. 18 жылдык тажрыйбам текке кетпептир. Биринчи орунга чыгып, "Ноутбук" компьютерин жеңип алдым. Жети дубандагы мугалимдердин жол каражатын, жалпы чыгымын көтөрүп ушундай конкурс уюштурган "Себат" мекемесине ырахмат айткыбыз келет.

Сулейман Аккая,
Оштогу "Себат" лицейинин мугалими, конкурстун экинчи орунунун ээси:
"Жүрөгүм Кыргызстанда калат"
- Конкурсту уюштурган "Себатка" чоң ырахмат. Түйшүктүү ишибизди ушинтип баалаш керек. Шыктануу - бул жаңы натыйжанын ачкычы, башталышы. Кыргызстанда жүрүп кыргыз жерин, абасын, суусун сүйүп калдык. Анын ак жүрөк элине кызмат кылышыбыз парз. Илгери гректик бир сулуу кыз Измирден кетип бара жатып, "Жүрөгүм Измирде калды" деп ырдаган экен. Мен да кайсы бир күнү кыргызстандан кетип кала турган болсом жүрөгүм Кыргызстанда калды деп ырдаар элем.

Абдыкерим Муратов, Педагогика илимдеринин кандидаты, калыстар тобунун мүчөсү.
- Конкурс биринчи жолу өткөрүлүп жатса да өз максатына жетти. Биз негизинен мыкты мугалимдерди адилет тандай алдык деп ойлойм. Мисалы, өзүн-өзү таанытуу этабында мугалимдер артисттик өнөрлөрүнө чейин көрсөтүп ийишти. Бирок, биз бул жерде мугалимдин чыныгы кредосу, жүзү, бейнеси ачылдыбы, мугалим кандай болуш керек, тажрыйбасы жеткиликтүүбү мына ушуга көп көңүл бурдук. Негизинен, жыйынтыгы эң жакшы. Алдыда мыкты тарбиячылардын да конкурсун уюштурсак талапка ылайык болор эле деген ойду айткым келет. Себеби, бул мугалимдерге чоң стимул берет.

Майрамбек Токторов, "Кутбилим"











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz